Майлуу-Суу шаарынын чок ортосунда жер 1,5 метрге чөгүп кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход оползня в городе Майлуу-Суу Далал-Абадсокй области
Сход оползня в городе Майлуу-Суу Далал-Абадсокй области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу коопсуз жайга көчүрүп, күнү-түнү нөөмөт уюштурду.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында кечээ эртең мененки сегизде 150 миң куб метр жер 1,5 метр тереңдикке чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймагындагы Восточный көчөсүндөгү колоттун баш жагынан 700-800 миң куб метр жер көчүп, турак үйлөргө 1-2 метр гана жетпей калды. Бирок 15-20 сантиметр жер ажырап, эки үйдүн сарайларына коркунуч жаратты. Ошондой эле Горкий көчөсүндөгү №45 үйдүн жанынан булак суусу чыгып, 150 миң куб метр жер 1,5 метр тереңдикке чөгүп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Шаардагы Жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу коопсуз жайга көчүрүп, күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бүгүн ӨКМдин Мониторинг департаментинин адистери жеринде тактоо иштерин жасашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0