Ош: агасын өлтүрүүгө шектелген киши энесине бычак урду

Жазылуу
Жаракат алган шектүүнүн энеси ооруканага жеткирилди. Ал эми эки жыл мурун каза болгон агасынын сөөгү учурда кайра казып алынганы жатат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ошто эки жыл мурун агасын өлтүрүүгө шектелген жаран 72 жаштагы энесине бычак сайып жарадар кылгандыгы тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге карганда, окуя Кара-Кулжа районуна караштуу Тоготой айылында катталган.

"Шектүү үйүндөгү чыр-чатактан улам кемпирге бычак сайган. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жаракат алган аял ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 38 жаштагы жаран эки жыл мурда өзүнүн бир тууган агасын өлтүрүүгө катыштыгы бар экени маалым болгон.

"Кармалган киши 2015-жылы апрель айында өзүнүн агасына бычак сайып өлтүрүүгө шектелип жатат. Жарандын туугандары кылмыш ишин жашырып арыз жазбастан маркумду көөмп коюшкан", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалып, эксгумация жүргүзүлгөнү жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0