Чет элдик жарандарды талап-тоноого шектелген кылмыштуу топ Бишкектен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишен жана акча каражаттары. Архив
Кол кишен жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 20, 21 жана 19 жаштагы шектүү жарандар колго түшүрүлдү.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жарандарды талап-тоноого шектелген кылмыштуу топ кармалганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кармалган адамдар бир нече чет элдик жарандарды коркутуу жолу менен акчалары менен баалуу буюмдарына ээлик кылышкан.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте топ адамдар милиционерлер менен журналистти сабап кетишти
"21-январда 26 жаштагы түрк жаранын Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар сабап, 1000 сом салынган капчыгын, 11 миң сомдук уюлдук аппаратын, банктык картасын жана айдоочулук күбөлүгүн алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 5-март күнү 22 жаштагы дагы бир түрк жараны милицияга кайрылган. Ал таңкы саат 4.55 чамасында белгисиз төрт адам келип сабап, 100 долларлык чынжырчасын алып кетишкенин билдирген.

"Ал эми 3-мартта болсо 27 жаштагы Германиянын эки жараны аларга белгисиз адамдар тапанча такап уюлдук аппараттары менен кол саатты чечип кетишкенин билдирген", — деп милициядан кабарлашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 10-март күнү чет элдиктерди тоноого шектелип 20, 21, 19 жаштагы беш жаран кармалган. Алардын жанынан МР-654К үлгүсүндөгү тапанча менен Германия жаранынын кол сааты табылган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0