Оштун Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан үч адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный указатель "Опасный поворот налево"
Дорожный указатель Опасный поворот налево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 12-март күнү болуп, Honda Fit менен Honda Civic унаалары кагышкан.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Кайрагач айылында жол кырсыгы болуп, үч адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-мартка караган түнү Бишкек — Ош унаа жолунун 648-чакырымында болуп, Honda Fit менен Honda Civic унаалары кагышкан.

"Кырсыктан эки айдоочу жана бир жүргүнчү каза болду. Айдоочулар кырсык болгон жерде жан берген", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, эки жүргүнчү оор жаракат алышкан. Учуруда териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0