Ош — Бишкек жолунда "Гелендваген" менен жеңил унаа кагышып, эки адам көз жумду

Жазылуу
Көз жумгандар бир унаадагы жүргүнчүлөр болгон.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолунда Mercedes-Benz G-класс үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Wish кагышып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган жолдун 185-чакырымында болгон кырсыктын жыйынтыгында Toyota унаасындагы 46 жаштагы аял ооруканадан, 43 жаштагы эркек жолдон каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык болгон жер Жайыл районуна караштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0