Мас айдоочу Кайгуул милициясы токтоткон машинаны бир сүздү

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуя болгон жердеги милиция кызматкерлери. Архив
Окуя болгон жердеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен үч киши жаракат алган.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициясы токтоткон машинаны мас айдоочу сүзүп кеткенин күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя жума күнү түнкү саат 2:00дөр чамасында Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Милиция кызматкери машинаны токтоткондо анын артынан мас абалындагы киши машинасы менен келип сүзүп салды. Тез жардам кызматы үч кишини алып кетти. Биринчи машинадан эки киши жабыркаса, экинчи автоунаадан бир киши жаракат алыптыр", — деди күбө.

Кайгуул милициясы аталган аймакта түндө жол кырсыгы болгону тууралуу билдирүү саат 2:15те келип түшкөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0