Ош базарынын аймагында дүкөнгө кире калган кызды бычактап кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бычак менен эки жеринен жараат алган кыз Улуттук хирургия борборуна жеткирилди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адамдар 24 жаштагы кызга бычак сайып кеткендигин укук коргоо органдарындагы булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн изи сууй электе колго түшүргөн.

"24 жаштагы кызга Ош базарынын аймагынан саат 15.00дө кол салышкан. Ал дүкөнгө киргенде андагы киши курсагына жана соорусуна эки ирет бычак менен урган", — деп билдирди булак.

Жабырлануучу Мирахимов атындагы улуттук хирургия борборуна жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0