УКМКнын мурунку жана учурдагы чекисттери баңгизат менен кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. УКМКнын мурунку жана учурдагы чекисттери баңги зат менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр үстүбүздөгү жылдын 7-мартында ыкчам иш аракеттеринин жүрүшүндө колго түшкөн.

"Кармоо учурунда алардын жанынан 7,5 килограмм героин алынды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0