КРде туулган жаран Сириядагы согушка барууга камынып жүргөн делип Россиядан кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23 жаштагы жаран Россияда каттоосу жок жашап келген. Ал Сириядагы согушкерлердин катарына кошулууга камынып жүргөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда туулган жаран "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулууну каалаган делип Самара облусунан кармалганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, ага карата кылмыш иши козголду. 23 жаштагы жаран Россияда каттоосу жок жашап келген. Ал Сириядагы согушкерлердин катарына кошулууга камынып жүргөн.

Учурда кылмыш ишин тергөө уланып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0