Кудукка кулап чыга албай калган селсаяктарды ӨКМ куткарды

Жазылуу
Аларды аскерлештирилген №15 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери алып чыккан.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Каракол шаарында кудуктун ичинде камалып калган эки селсаякты куткаруучулар алып чыгышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эки адам Москва-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудукка түшүп кеткендиги тууралуу кабар ӨКМге келип түшкөн.

Аларды аскерлештирилген №15 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери алып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0