Маликовго кол салууга шектелип Түркиядан экстрадицияланган жаран камакка алынды

Жазылуу
Маликовго кол салды деп шектелген экинчи жаран Ырыскул Бейшеналиев 3-мартта Түркиядан Кыргызстанга экстрадицияланган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салууга шектелген экинчи жаран Ырыскул Бейшеналиев Түркиядан Кыргызстанга өткөрүлүп, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бейшеналиев Түркиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Түркияда бир жылга кесилген. Кыргызстанга алып келинген шектүүнүн иши КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын өндүрүшүнө алынган.

"Ырыскул Бейшеналиевдин кармалышын сот мыйзамдуу деп таап, тергөө жүрүп жаткан учурда камакка алынды", — деп билдирүүдө айтылат.

Белгилүү аалым Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр Маликов өзүнө кол салган кишиге ырайым кылмактыгын айтат
Эскерте кетсек, 2015-жылы ноябрь айында Маликовго белгисиз эки киши кол салып, бетке жана моюнга сайып кетишкен. Маликов шаардык 4-оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган. Кийинчерээк кылмышка шектүү делген Алибек Тилек уулу менен Ырыскул Бейшеналиев Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалган.

Алибек Тилек уулу былтыр экстрадицияланып райондук соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылса, шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүп аны 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0