ЖАМКтын төрт кызматкеринин ар бири 7 жылга соттолду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери. Архив
Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын адистери жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамды кыйнаган деп айыпталды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкери Кылмыш жаза кодексинин "кыйноо" беренеси боюнча соттолгонун Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкердин ар бири жети жылга эркинен ажыратылды. Мыйзам боюнча алар абактан чыккандан кийин үч жылга чейин жаза аткаруу тармагында иштей албайт.

"29-январь күнү №1 жаза аткаруу мекемесинин үч кызматкери ЖАМКтын борбордук аппаратынын кызматкери менен биргеликте жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамды кыйноого алган. Кызматкелер андан №47 абактын жумушчусун бычактаган деген айыпты моюнга алуусун талап кылышкан", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча прокуратура иш козгоп, ал сотто каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0