11:35 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Альпинист. Архивдик сүрөт

Бишкектик альпинист Россияда аскадан кулап каза болду

© AP Photo / Robert F. Bukaty
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
56911

Альпинист кыз 25 метрлик бийиктиктен кулап түшкөн. Алган жаракаттарынан улам ооруканага алып келе жатканда жолдон үзүлгөн.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык 27 жаштагы альпинист Ольга Горожанина аскадан кулап каза болгонун КРдин альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы Sputnik агенттигине билдирди.

Буга чейин РИА Новости ӨКМдин Иркутск облусу боюнча бөлүмүнө таянуу менен аталган жаран Байкалдагы мелдеш учурунда аскадан кулап каза болгонун маалымдаган.

Федерациядан билдиришкендей, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00дөр чамасында болгон (Бишкек убактысы боюнча 8:00). Горожанина 25 метрлик бийиктиктен кулап түшкөн. Алган жаракаттарынан улам ооруканага алып келе жатканда жолдон үзүлгөн. Ал бул мелдешке федерация же Мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан жиберилген эмес.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Иркутск облусундагы бөлүмү каза болгон кыз Россиянын жараны болгонун маалымдаган. Ал эми Кыргызстандын альпинизм федерациясы маркум Горожанина КРде төрөлгөнүн жана Бишкекте жашап иштегенин билдирди.

Ak-Sai Travel туристтик компаниясынын Facebook тармагындагы баракчасындагы маалымат боюнча каза болгон кыз аларда иштечү. Бирок компаниянын өкүлү маалымат берүүгө укугу жок экенин айтып, тастыктоодон баш тартты. Ал ошондой эле окуя тууралуу түшүндүрмө бере турчу кишилердин да координаттарын бере албастыгын айтты.

Эгер компаниянын Facebook тармагындагы маалыматка таянсак маркумдун сөөгү Кыргызстанга кийинки жумада алып келинет.

Тема боюнча

Бишкек шаарында аскага чыгуу залы ачылат
Чүйдө аскадан кулаган чабандын денеси урчукка илинип калган
Белгилер:
альпинизм, Кыргызстан, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ