Жол кырсыгында Mercedes элчиликтин жолтандабасын кошо сүрүп кеткен

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуТройное ДТП с участием машины с дипломатическими номерами на проспекте Чингиза Айтматова
Тройное ДТП с участием машины с дипломатическими номерами на проспекте Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктан эч ким оор жаракат алган эмес. Кайгуул милициясы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Чыңгыз Айтматов проспектиси менен түштүктү көздөй баратып үч унаа менен кагышкандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык ИИББнын Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Последствия столкновения бензовоза Howo и автомобиля Daewoo Tiko на автодороге Ош — Баткен - Sputnik Кыргызстан
Кадамжай: май ташыган унаа "Тикону" талкалай сүзүп эки адам мерт кетти
Буга чейин кырсыкка күбө болгон жаран WhatsApp-каналы аркылуу жол кырсыгы тууралуу кабарлаган. Ал эми милиция кырсык 2-март күнү саат 18.35 чамасында "Ак-Кеме" мейманканасынын аймагында болгонун ырастады. Mercedes үлгүсүндөгү унааны 1991-жылы туулган жаран айдап бараткан. Ал дипломатиялык номерлүү Toyota Land Cruiser, Chevrolet Trail Blazer жана Volkswagen Golf унаалары менен кагышкан.

"Жол кырсыктын айынан Chevrolet унаасындагы эки жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин кароосунан өткөндөн кийин ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бардык унаалар айып короого токтотулду. Кийин Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тил кат жазып машинасын алып кеткен. Кырсыкка кабылган бардык айдоочулар соо болгон", — деп Кайгуул милициясынан билдиришти.

Учурда техникалык экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0