Жалал-Абадда окуучулар бычакташа кетти. ИИМ окуянын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда соттук-иликтөө иштери башталды. Ал эми ооруканага жеткирилген балдардын абалы туруктуу экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жалал-Абадда мектеп окуучулары бычакташып, окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, окуя 2-март күнү Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунда катталган.

"Түшкү саат 14:00дөр чамасында шаардагы №9 жана №19 орто мектептин 9-классынын окуучулары эски имаратка чогулушкан. Божомолдорго ылайык мектеп окуучулардын ортосунда пикир келишпестик келип чыгып ал мушташка айланган. №9 орто мектептин окуучусуна ич жагын бычак урулуп, жабыркаган 16 жаштагы бала аймактык ооруканага жеткирилген. Ушул эле мектептин дагы бир окуучусу колуна бычак жеген", — деп жазылат мааалыматта.

Эркек кишинин муштуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин көзүнчө аялын сабады деген киши кармалды
Балдарга бычак урду деп шектелип № 19 орто мектептин 9-классынын окуучусу жана окуянын башка катышуучулары кармалып, учурда сурак берүүдө.

Ошол эле учурда Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда соттук-иликтөө иштери башталды. Ал эми ИИМден ооруканага жеткирилген балдардын абалы туруктуу экенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0