Бишкекте "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота пожарной службы в столице
Работа пожарной службы в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа "Жал" кичи районундагы №38 үйдүн короосунда токтотулуп турган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Жал" кичи районунда "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, унаа райондогу №38 үйдүн короосунда токтотулуп турган.

"Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп, жанындагы "Toyota Caldina" үлгүдөгү унаага жабышып, анын багажниги да өрттөнгөн", — деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0