Ысык-Атада тууганын тамашага салмак болгон "телефон террорчусу" кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи телефонного терроризма в Кыргызстане
Случаи телефонного терроризма в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ысык-Ата районунун 48 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ысык-Атада телефон аркылуу жалган маалымат тараткан "террорчу" аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында катталган.

"Кечээ, 1-март күнү, саат 15:30дар чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына аталган айылдын мектебиндеги кароолчу чалган. Ал окуу жайдын айланасына жардыруучу зат болушу мүмкүндүгүн жиберген. Аталган жерге тезинен УКМК жана ИИМ кызматкерлери барып, Ысык-Ата районунун 48 жаштагы тургуну кармалган", — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүгө караганда кармалган адам мындай кадамга мектепте күзөтчү болуп иштеген тууганын тамашага салуу максатында барганын айткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0