Элдин көзүнчө аялын сабады деген киши кармалды

Жазылуу
"Илбирс" имаратынын ашканасында болгон окуяны көрүп тургандар милиция чакырышкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкектин Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Илбирс" имаратынан эл көзүнчө аялын сабады деген шек менен бир киши кармалганын Кайгуул милициясы билдирди.

"Окуя саат 15:00дөр чамасында "Илбирс" имаратынын ашканасында болгон. Жанында тургандар милиция чакырып, шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалды", — деп Кайгуул милициясынан маалымдашты.

Анын 30 жаштагы аялы аны "жүйөсүз эле сабап салганын айтып арыз жазган". Эркек киши Биринчи Май РИИБине алып келинип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0