Бишкекте үйүнөн өрт чыккан аял иске ууланып каза болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү унаасы. Архив
Өрт өчүрүү унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтен учурда өрттүн себебин такталып жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы турак үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн түтүнгө ууланып 55 жаштагы аял каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Кырсыктан Атай Огонбаев атындагы көчөдө жайгашкан үйдүн шыбы жана тиричилик техникасы күйгөн. ӨКМ кызматкерлери үйдөн түтүнгө ууланган аялдын сөөгүн тапкан", — деп билдиришти.

Министрликтен учурда өрттүн себебин такталып жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0