Ошто унаа уурдоого шектелип 14 жаштагы өспүрүм кармалды

© AFP 2023 / SABAH ARARУнаа айдап бараткан кыз. Архив
Унаа айдап бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй менен Ошто унаа уурдоого шектелген 14 жана 24 жаштагы балдар кармалды.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 14 жаштагы тургуну унаа уурдоого шектелип, милиция тарабынан колго түшүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Ош ОИИБине ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну Nissan Primera унаасын уурдап кетишкенин айтып кайрылган. Унаа Ош шаарынын Мусаев көчөсүндө токтоп турган жеринен жоголгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул эле күнү Токмокто унаа уурдоого шектелген 24 жаштагы тургун кармалды. Ал Subaru Legacy үлгүсүндөгү автомашинаны айдай качкан деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0