"Манас" аба бекетинен жасалма документ менен израилдик аял кармалды

Жазылуу
Аэропорттон жасалма документ менен эки жаран кармалган. Алардын бири Москвага, экинчиси Стамбулга багыт алган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Манас" аба бекетинен жасалма документ менен эки жаран кармалганын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз паспортуна өз сүрөтүн чаптап алган кытай жараны аэропорттон кармалды
Билдирмеге караганда, 43 жаштагы израилдик аял эки баласы менен жасалма документ аркылуу Стамбулга учууга аракет жасаган. Текшерүү учурунда анын визасынан жасалма белгилер байкалып калган.

Дагы бир кыргызстандык жаран башка адамдын паспорту менен Москвага кетүүнү көздөгөн. Бирок текшерүү учурунда кармалып калган.

Учурда эки жаран тең УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0