Май куючу жайдын кызматкерин өлтүрүүгө шектелген жаран окуянын чоо-жайын айтып берген

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте водителя, сбившего двух девочек в Москве
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте водителя, сбившего двух девочек в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашалуу окуя 24-февралда таңга маал болгон. 34 жаштагы жарандын кескиленген сөөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен табылган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ош шаарынын 34 жаштагы тургунун өз үйүнүн жанынан мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран кармалгандыгын Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Каргашалуу окуя 24-февралда таңга маал болгон. Анар кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Маркумдун башы жана денеси бир нече жеринен белгисиз нерсе менен кескиленгени аныкталган.

"Окуядан бир күн өткөндөн кийин 25-февралда шектүү катары 27 жаштагы маркумдун мурдагы кесиптеши кармалды. Ал сурак учурунда маркумга ири суммадагы акча карыз экенин билдирди. Аны төлөбөө максатында бычак менен арматура алып үйүнүн алдында күтүп турган. Күткөн адамы сыртка чыкканда аны арматура менен башка чаап, бычагы менен сайып кетип калгандыгы тууралуу көрсөтмө берди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип ага карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0