Куткаруучулар 4-кабаттан секирүүгө камданган аялды аман алып калышты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу үй. Архив
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар чатырдан секирип түшүп, терезеде турган аялды үйдүн ичине түртүп жиберишкен.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн ӨКМдин куткаруучулары үйдүн 4-кабатынан секирүүгө камданган аялды аман алып калышты. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Маалыматка ылайык, билдирүү саат 13.19да окуяга күбө болгон адамдан түшкөн. Үч мүнөттөн кийин жеринде болгон куткаруучулар кырдаалды байкаштырып, үйдүн чатырына чыгышкан.

"Аял терезеден секирип кетүүгө даярданып жатыптыр, андыктан ыкчам аракет көрүү зарыл эле. Куткаруучулар чатырдан секирип түшүп, терезенин жанында турган аялды үйдүн ичине түртүп жиберишкен. Андан соң гана сүйлөшүүлөр башталды", — деп айтылат маалыматта.

Аял Бишкек ШИИБге өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0