Кыргыз паспортуна өз сүрөтүн чаптап алган кытай жараны аэропорттон кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта "Жуковский"
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай жараны жасалма документ менен Новосибирскиге учуп кетүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өзүнүн сүрөтүн кыргыз паспортуна чаптап алган Кытай жараны Ош аэропортунан кармалгандыгын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

32 жаштагы кытайлык жаран 23-февраль күнү Ош — Новосибирск каттамы боюнча уча турган самолетко отурмак. Ал документтерди текшертүү маалында кармалып калган.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин ал УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0