Аламүдүндүн Ленин айылында унаа сүзгөн мас киши каза болуп калды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуНаезд на пешехода в селе Ленинское
Наезд на пешехода в селе Ленинское - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda Accord үлгүсүндөгү унаа Алматы көчөсү менен түштүктү көздөй кетип баратып эркек адамды сүзүп кеткен. 25 жаштагы айдоочу үйдөн чыкпоо боюнча тил кат жазып кое берилген. Кырсык боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айылында шаршемби күнү саат 29.30да унаа 44 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, 44 жаштагы жаран мас абалында болгон. Ал унаа жолду кесип өтүп баратканда Алматы көчөсү менен түштүктү көздөй багыт алган Honda Accord үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюп кеткен. Күбөлөр кырсыктын сүрөттөрүн беришкен.

"Жаран реанимацияга жеткирилип, өзүнө келбей каза тапкан", — деп Кайгуул милициясынан билдиришти.

25 жаштагы айдоочу үйдөн чыкпоо боюнча тил кат жазып кое берилген. Учурда кырсык боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0