Ошто 22 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады делген киши кармалды

Жазылуу
Мас абалындагы жаран кыздын үйүнө кирип барып күч колдонуу менен зордуктоого аракет жасаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 23-фев. – Sputnik. Ош шаарында 22 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады делген киши кармалганын Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя бүгүн Масалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.

“Мас абалындагы 30 жаштагы жаран 22 жаштагы кыздын үйүнө кирип барып ага күч колдонуу менен зордуктоого аракет жасаган. Кыздын кошуналары өз убагында милицияга кабарлагандыктан зордуктоо ишке ашкан эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-129-беренелери (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0