Жайылда мазут алып бара жаткан унаа кулап, бир адам каза болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРабота пункта технического осмотра автомобилей в Новосибирске
Работа пункта технического осмотра автомобилей в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерден бир адамдын сөөгү табылган. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, унаанын ичинде айдоочу эле болгон.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда Жайыл районунун аймагында мазут алып бара жаткан унаа кулап, кырсык болгон жерден бир адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда кулаган унаа Жалал-Абаддан Чүй облусундагы Кара-Балтада жайгашкан "China Petroleum Junda" ишканасына мазут алып бара жаткан.

"Кырсык 21-февраль күнү кечки саат 18:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 120-чакырымында болгон. Бирок төгүлгөн мазут Абыла суусуна жеткен эмес. Жайыл районунун бөлүм башчысы 22:00дө кырсык болгон жерге барганда мазут төгүлгөн жерден бир адамдын сөөгүн тапкан", —деп жазылат маалыматта.

Каза болгон адамдын сөөгү Чүй облусунун РИИБине өткөрүлүп берилген. Болжолдуу маалымат боюнча унаанын ичинде айдоочу эле болгон.

Ошол күнү Жайыл районунун Сосновка айылындагыларга таза суу ичүүгө убактылуу токтотулуп, бүгүн элге кайрадан ичүүчү суу берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0