Ат-Башыда кыштоого түшкөн көчкүдөн 18 жаштагы бала каза тапты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТоодогу атчан бала. Архив
Тоодогу атчан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын көчкү алдында калганын элге досу кабарлап, издөө иштери түнкү саат бир жарымга чейин уланган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ат-Башы районундагы Таттыбек кыштоосунда түшкөн көчкү 18 жаштагы баланы басып калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ түш ченде болгон. Бала көчкү алдында калгандыгын элге анын досу кабарлап, издөө иштерине ӨКМдин, ИИМдин кызматкерлери тартылып, жергиликтүү 75 киши кошо келген. Баланын сөөгү түнкү саат бир жарымда табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0