Сокулукта 14 жыл мурун аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча шектүү киши 2003-жылы мас абалында аялы менен уруша кетип, аны бычактап салган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жайлоодо аялын өлтүрдү деп издөөгө алынган 58 жаштагы киши 14 жылдан кийин Сокулук районунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү жаран 19-февралда колго түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча шектүү киши 2003-жылы мас абалында аялы менен уруша кетип, аны бычактап салган. Аялы ооруканага жетпей, алган жараатынан жолдо каза болгон. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жайлоолордун биринде катталган.

"Шектүү жаран окуя болгондон кийин изин жашырып кеткен. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, 2003-жылы ноябрда издөөгө алынган. Учурда ал Аксы РИИБине өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Издөөгө алынгандан кийин ал коңшу мамлекетте жашынып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0