Бишкекте студент кызды унаа сүзүп кетти. Кырсыкты видеокамера тартып калган

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОбработка дорог противогололедными реагентами в Москве
Обработка дорог противогололедными реагентами в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүзүп алган унаанын айдоочусу кызды өзү ооруканага жеткирген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Эртең менен Бишкек шаарынын Жаш Гвардия проспектиси менен Баялинов көчөсүнүн кесилишинде 18 жаштагы кызды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы кабарлады.

"Болжол менен эртең мененки саат 08:25терде S 88 89 AL номерлүү Honda Odissey үлгүсүндөгү унаа жөө адам өтүүчү жолдон студент кызды коюп кеткен", — деп жазылат кайгуул милициясынын маалыматында.

Белгилүү болгондой, кырсык болгон жерден айдоочу жабыркаган кызды белгисиз тарапка алып жөнөгөн. Андан соң Фучик көчөсүндөгү №1 клиникалык ооруканасына жеткиргенин Кайгуул милициясы тактады.

Жабыркаган кыз 18 жашта экени аныкталып, Заманбап маалымат технологиясы институтунун (ИСИТО) студенти болуп чыккан.

Ал эми аны сүзүп кеткен адам кармалып, унаасы айып короого киргизилген. Тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0