Балыкчыда ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал болуп жатат

© AFP / MIGUEL RIOPAКатуу шамал учурунда бараткан адам. Архив
Катуу шамал учурунда бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчыда бороон болуп, түштүк региондордо катуу жааган кар токтой элек.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 11:35тен баштап ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал болуп жатканын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бактыга жараша шамалдан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Шаарда абал туруктуу. ӨКМ шаар тургундарын сак болууга чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда катуу кардын жаашы уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0