Төө-Ашууда көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу жабылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек - Ош жолундагы унаалар. Архив
Бишкек - Ош жолундагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол бүгүн эртең менен жабылган. Каттам чектелген аймакта унаалар калып калганы айтылууда.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Төө-Ашууда кар көчкү жүрүп Бишкек — Ош унаа жолу жабылганын 112 куткаруу кызматынан кабарлады.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сосновка айылында жана Ала-Бел ашуусунда каттамдар чектелген.

"Учурда кар көчкү түшкөн жерди тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан улам жол эртең менен жабылган. Анын кечке жуук ачылышы күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Кар тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда кар көчкү эки үйдү басып, анда жашаган эки наристе дайынсыз болууда
Ошондой эле каттамдар чектелген аймакта унаалар калып калганы айтылды.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман — Акталчат унаа жолунун 44-45-чакырымында саат таңкы 05:00 — 06:00 чамасында кар көчкү түшүп, ал унаа жолго жеткен эмес. Карды тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан жол убактылуу жабылгандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0