Ысык-Атада өрттөнүп кеткен үйдүн ичинен эркек менен аялдын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в складском помещении в торговом центре "Таатан"
Пожар в складском помещении в торговом центре Таатан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт кырсыгы Сары-Жон айылында катталган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы турак үйдө өрт чыгып натыйжада эки адам мерт кеткенин ӨКМден кабарлашты.

Өрт кырсыгы Сары-Жон айылындагы 16 чарчы метрлик үйдөн чыккан. Натыйжада жыгачтан жасалган пол, палас, эмеректер, эки телевизор күйгөн.

Ошондой эле бөлмөнүн ичинен 48 жаштагы эркек менен 60 жаш чамасындагы аялдын сөөгү табылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0