БИШКЕК, 17 фев — Sputnik. Санкт-Петербургдун Пушкин районунда Кыргызстандан барып такси кызматында иштеген мигрант унаасы менен кошо жоголуп кеткенин "Петербургский Дневник" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, таксистти акыркы жолу үч күн мурун көргөндөр бар. 13-февраль күнү кечинде компаниянын логотиби коюлган Mitsubishi Lancer унаасын айдап жумушуна кеткен. 14-февралга караган түнү жубайы менен байланышып, ошол боюнча дайынсыз болууда.
40 жаштагы мигранттын жоголгону тууралуу арыз менен милицияга анын иниси кайрылган. Учурда тийиштүү органдар издөө иштерин жүргүзүп жатат.
Ал эми КР ИИМинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев Кыргызстандан барган таксисттин жоголгону тууралуу кабардар экенин айтып, жергиликтүү милиция бөлүмү менен издөө иштерин тыкыр жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.
Анын айтымында, өкүлчүлүккө мигранттын жакындарынан эч ким кайрыла элек.