Жалал-Абад менен Бишкекте иске ууланып эки адам каза болду

Жазылуу
Учурда Бишкектеги "Келечек" конушунда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сай-Коргон айылында жана Бишкек шаарынын "Келечек" жаңы конушунда эки адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон эки адамдын тең үйүнөн өрт чыккан.

"Базар-Коргон районунун Сай-Коргон айылында электр жылыткычына төшөк тийип түтөп, жыйынтыгында 56 жаштагы үй ээси иске ууланып каза болгон. Анын сөөгү туугандарына тапшырылды. Ал эми "Келечек" жаңы конушундагы үйдөн матрац, одеял, кийим-кече өрттөнүп, Ала-Бука районунун 45 жаштагы тургуну көз жумган", — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда "Келечек" конушунда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0