Пенсионерлердин 40 миң сому менен 1900 долларын тоноого шектелген жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Акча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сосновкадагы пенсионерлердин үйүнө эки каракчы кирип келип 88 жаштагы карыя менен анын 77 жаштагы байбичесине бычак такап акча талап кылышкан.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлери пенсионерлерге кол салууга шектелген жаранды кармагандыгы тууралуу Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

6-февраль күнү 3.15дер чамасында Сосновкадагы пенсионерлердин үйүнө эки каракчы кирип келип 88 жаштагы карыя менен анын 77 жаштагы байбичесине бычак такап акча талап кылышкан.

"Үйдү тинтип чыгып 1900 доллар, 40 миң сом жана эки мобилдик телефонду алган бойдон из суутуп кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. 7-февраль күнү Жайыл районунун 21 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган. Ал эки айга камакка алынды.

Жаран буга чейин дагы каракчылык жасоого шектелүүдө. Тергөө амалдарына караганда ал өзү менен чогуу жашаган 17 жаштагы сүйлөшкөн кызы менен улуу курактагы аялды коркутуп 200 сомун, 400 евросун жана 200 теңгесин алып коюшкан. Бул факты боюнча дагы тергөө иштери башталып кыз дагы кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0