Владивостокто жөө адамдарды чачырата сүзгөн айдоочу аялдын видеосу интернетке чыкты

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЖолду өтүп бараткан жүргүнчүлөр. Архив
Жолду өтүп бараткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылган унааны 46 жаштагы аял башкарып бараткан.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россиянын Владивосток шаарында айдоочу аял жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен видео интернетке чыкканын РИА Новости жазып чыкты. https://ria.ru/incidents/20170216/1488101135.html

Маалыматка ылайык, видеону Вести: Приморье телеканалы YouTube баракчасына жарыялаган. Анда айдоочу аял жол чырактын кызыл экенине карабастан унаасын айдап төрт жөө адамды коюп кеткен.

Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлигинин Приморье өрөөнү боюнча башкармалыгы окуяга Toyota Cami автоунаасынын 46 жаштагы айдоочусу айыптуу экенин кабарлаган. Ал эми жабыркаган эки адам оруканага жаткырылганы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0