Мас болгон милиционер жол кырсыгынын себепкери катары шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ДПС в Бишкеке
Работа сотрудников ДПС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин атайын багыттагы полкунун маалымат кызматынан билдиришкендей, ички териштирүү иштери аяктагандан кийин кызматкер жумуштан алынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. ИИМдин атайын багыттагы полкунун прапорщиги мас абалында Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган деп шектелип жатканын полктун маалымат кызматы билдирди.

Интернет колдонуучу Болот Ибрагимов Facebook баракчасына жол кырсыгы тууралуу видео жайгаштырган. Ал атайын багыттагы "ШУМКАР" полкунун формасын кийген киши "Фрунзе-3" супермаркетинин унаа токтотуучу жайында турган автоунааны сүзгөнүн жазган.

"Видеоролик мага купуя келген. Аны салган киши жол кырсыгы 13-февралда болгонун айтты. Окуяга күбө болуп аны видеого тартып алгандардын сүйлөшүүсүнөн улам кырсыктан бир аял жабыркаганын угууга болот", — деди Ибрагимов.

Атайын багыттагы полктун маалымат кызматынын инспектору Адила Тыналиева жол кырсыгы боюнча ички териштирүү жүрүп жатканын айтып, аны ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы аткарып жатканын кошумчалады.

Скорая помощь - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте түндө жол кырсыгы катталып, аял каза болду
"Биздин кызматкер мас абалында болгонун тастыктайбыз. Иликтөө иштери учурунда ал кызматынан убактылуу четтетилди. Ал эми жабыр тарткан аял тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Андай болгон эмес", — деди маалымат кызматы.

Жол кырсыгына кабылды деп шектелип жаткан киши 10 жылдай милицияда иштеген. Анын 3 жылын атайын багыттагы полкто кызмат өтөгөн. Жол кырсыкка кабылган учурда да анын прапорщик наамы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0