Калың кардан Ат-Башыдагы үйлөрдүн да чатыры урай баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КРОбвал крыши в Токтогуле
Обвал крыши в Токтогуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн материалдык чыгымдын көлөмүн тактоо иштери улантылат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Калың кардан улам Ат-Башынын Баш-Кайыңды, Ак-Муз жана Ат-Башы айылдарында турак үйлөрдүн чатыры урап жатканын ӨКМ билдирди.

Последствия циклона на Сахалине - Sputnik Кыргызстан
Каныш-Кыяда кар көчүп, андан кытай жараны жабыркады
Маалыматка ылайык, 11-12-февраль күндөрү катуу кар жааган. Чатырлар түшүп кеткени боюнча ӨКМдин аймактык башкармалыгына 14-февраль күнү билдирүү түшкөн. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде көрүп, Ат-Башы айыл аймагынан эки, Баш-Кайынды айыл аймагынан бир тамдын чатыры түшүп кетип, шиферлери сынганын аныктаган.

Мындан тышкары, Ак-Муз айылындагы союз мезгилинде кеңсеге ылайыкталып салынып, кийин турак жайга муктаж айыл тургундарына берилген эки кабаттуу имараттын чатырынын тирөөч жыгачтары сынып, чатыры толугу менен түшүп калган.

Бүгүн материалдык чыгымдын көлөмүн тактоо иштери улантылат.

Эскерте кетсек, Чаткалда кечээ калың жааган кардан улам жашоочуларга кыйынчылыктар жаралып, акимдин буйругу менен эки айыл аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0