12:25 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
6811

Кар көчкүнү компаниянын ашканасы менен жатаканасын басып калган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында кар көчкү жүрүп, андан "Кичи-Чаарат" тоо-кен компаниясында иштеген кытайлык жаран жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-февраль күнү түштөн кийин болгон. Кар көчкү компаниянын жатаканасы менен ашканасын басып калган. Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирип, учурда абалы канааттандырарлык экени айтылууда.

Кар көчкүнү көлөмү болжол менен 1400 метр кубга жетти. Аталган жерде калыбына келтирүү иштери "Кичи-Чаарат" ишканасы тарабынан кечээ жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, калың жааган кардан улам Чаткалдын эки айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Тема боюнча

ӨКМ: Чаткал менен Каныш-Кыяга өзгөчө кырдаал киргизилди
Белгилер:
жатакана, ашкана, ӨКМ, Чаткал

ЭҢ МААНИЛҮҮ