“Космопаркка” бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуПоступил звонок о заложенной бомбе в развлекательном комплексе "Космопарк"
Поступил звонок о заложенной бомбе в развлекательном комплексе Космопарк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруучу түзүлүш тууралуу маалыматтан кийин борбор калаада жайгашкан көңүл ачуучу жайдан адамдар эвакуацияланган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Укук коргоо органдарына “Космопарк” көңүл ачуучу жайына бомба коюлганы тууралуу билдирүү жасаган адам аныкталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.

Имаратка жардыруучу түзүлүш коюлганы жөнүндө маалымат милицияга болжол менен саат 19.20ларда түшкөн. Эл эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. Айтылган жерде саперлор иш алып барган. Кийинчерээк жеринде иштеген адистер бомбанын жоктугун аныкташкан.

Маалыматка ылайык, жардыруучу түзүлүш бар экенин жигит билдирген.

“Ага имаратка бомба коюлганы тууралуу сүйлөшүп жаткан эки адамдын кебин угуп калган сүйлөшкөн кызы айтыптыр”, — дешти милициядан.

Укук коргоо органдары учурда тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0