Чаткалда кар көчүп машинанын жарымын басып калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРАшуудагы унаалар. Архив
Ашуудагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү машинаны 5-6 метрге чейин сүрүп барып, жарымын басып калган. Унаанын ичинде айдоочу өзү жалгыз болгон.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров жолунун 92-чакырымында саат 14:45 чамаларында кар көчкү түшүп Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунааны басып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 1000 метр чарчы кубду түзөт.

"Көчкү машинаны 5-6 метрге чейин сүрүп барып, жарымын басып калган. Унаанын ичинде айдоочу өзү жалгыз болгон,  эч кандай жаракат эмес. ӨКМдин Чаткал райондук бөлүм башчысы Тез жардам кызматынын унаасы менен кар көчкү түшкөн жерге чыгып кетти", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 13-февраль күнү саат 14:00 чамасында Чак айылындагы жолго кар көчкү түшүп, "Нива" жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааларды ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кошо басып калган. Маалыматка ылайык, "Ниванын" ичинде алты, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде эки киши болгон. Жабыркагандар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0