Кара-Сууда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун сегиз мүчөсү кармалды

Жазылуу
Кармалган жарандардын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы кафелердин биринде жума намазынан кийин  чогулган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү сегиз мүчөсү кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жарандардын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылган.

"Текшерүү учурунда кармалгандардын бирөө мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кол кишенчен адамдын архивдик сүротү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун 31 жаштагы мүчөсү кармалды
ИИМдин берген маалыматына ылайык, былтыр сентябрь айында Ош шаарындагы мечиттердин биринин имамы тыюу салынган уюмга тийиштиги бар деп кармалган. Анын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылып, кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы 8 кишини кармоо аракети да аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0