Борбор калаада троллейбус менен маршрутка кагышты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган жок.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус менен маршрутка кагышканын Кайгуул милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 12:45те болгон.

"Троллейбус Абдрахманов көчөсүндө токтоп турган. Арт жактан 117-маршрутка келгенде, троллейбус ордунан жылып баратып аны сүзүп алган. Катуу соккудан улам маршрутканын каптал терезеси сынып калган", — деп жазылат маалыматта.

Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0