Жалал-Абадда үй өрттөнүп бир адам каза тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт "Манас"
Пожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун денеси Ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында жер үй өрттөнүп бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кырсык кечээ кечки саат 18.40 чамасында катталган.

"Мира көчөсүндө үй өрттөнүп жатканы жана анын ичинде бир адам бар экени тууралуу маалымат келип түштү. Куткаруучулар окуя болгон жерге барышып 59 жаштагы жарандын денесин алып чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдун денеси Ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0