Адам өмүрүнө забын болуп, из суутуп кеткен 22 жаштагы айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКатуу ылдамдыкта бараткан унаанын архивдик сүрөтү
Катуу ылдамдыкта бараткан унаанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык мындан үч күн мурун Бишкек — Чалдывар унаа жолундагы Военно-Антоновка айылынын тушунда болгон.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жөө бараткан адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалганын Чүй облустук ИИБ билдирди.

Столкновение трех автомобилей в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
"Лексустар" кагылышы — күбөлүксүз унаа айдаган 18 жаштагы жигиттер
Маалыматка ылайык, кырсык 8-февраль күнү болжол менен түнкү саат 2.30дарда болгон. Бишкек — Чалдывар жолундагы Военно-Антоновка айылынын тушунда унаа адамды коюп кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан ошол эле жерде көз жуумп, ал эми айдоочу качып кеткен.

Сокулук районунун кызматкерлери кылмышка шектүү катары Таластын Кара-Буура районунун 22 жаштагы тургунун кармады. Чогултулган материалдар тергөөгө берилип, машина айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0