БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Манас" раэропортунда мыйзамсыз түрдө алып келаткан зер боюмдарды ич кийимине катып, бажыдан өтүүгө аракет кылган казакстандык аял кармалгандыгын Бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
“Стамбул — Бишкек каттамы менен келаткан Казакстандын К.Г. аттуу жараны 328,15 грамм зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, бул факты боюнча материалдардын баары Башкы прокуратурага берилип, тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатат.