Кара-Көл шаарында унаа жол четиндеги тосмону сүзүп бир киши каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный указатель "Опасный поворот налево"
Дорожный указатель Опасный поворот налево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Бишкек — Ош кан жолунун 335-чакырымында Кетмен-Төбө аймагында катталган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги тосмону сүзүп, анын кесепетинен бир адам каза болуп, төрт адам жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек — Ош кан жолунун 335-чакырымында Кетмен-Төбө аймагында катталган.

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып жаракат алгандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жалпысынан беш куткаруучу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0