"Лексустар" кагылышы — күбөлүксүз унаа айдаган 18 жаштагы жигиттер

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСтолкновение трех автомобилей в центре Бишкека
Столкновение трех автомобилей в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык түндө Бишкектин чок ортосунда болгон.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү үч унаа кагышканын Кайгуул милициясы билдирди. 

"Күбөлөрдүн айтымында, болжол менен саат 00.35те Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүктү көздөй кызыл жанып турганда өтүп баратып, Lexus GS жол тандабасы менен сүзүшкөн. Соккудан Lexus GX 470 каршы тилкеге чыгып, дагы бир унааны кагып, оодарылып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада Lexus GX 470 унаасындагы жүргүнчү менен айдоочу башынан жаракат алышкан. Кырсыкка учураган эки унааны тең айдоочулук күбөлүгү жок жарандар айдап жүргөн. Анын бири 18 жашта экени белгилүү болду.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСтолкновение трех автомобилей в центре Бишкека
Столкновение трех автомобилей в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Столкновение трех автомобилей в центре Бишкека
Экспертиза айдоочулар соо экенин аныктады. Учурда унаалар айып короого токтотулду.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0