ШИИБ: шылуунчулукка шектелип кытайлык жаран кармалды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры и монеты разных стран
Денежные купюры и монеты разных стран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну жарым жылдан бери акчасын кайтара албай, акыры милицияга кайрылууну эп көргөн.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кытайдын жараны шылуунчулукка шектелип кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Сто долларовые купюры в конверте - Sputnik Кыргызстан
АКШга жиберем деп бирөөнүн 6 миң долларын алып кеткен шылуун кармалды
Милицияга шаардын 27 жаштагы тургуну кайрылып, өткөн жылдын август айында Кытай жараны карызга 11 миң 500 доллар алганын, ушу күнгө чейин акчасын кайтарып бере электигин айткан.

Севрдлов районунун ИИБи кылмышка шектүү катары Чүй облусунда жашаган кытайлык жаранды колго түшүрдү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0